Абшыр-Ата айылында инфраструктураны жакшыртуу багытында маанилүү иштер жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, айыл ичиндеги жана эс алуучу жайга алып баруучу жолдор кеңейтилип, жолго тоскоолдук жараткан суу түтүктөрү жылдырылууда.Бул иштер жергиликтүү тургундар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү жана аймакка келген эс алуучулардын коопсуз жүрүүсүн камсыз кылуу максатында ишке ашырылып жатат.


Жол кеңейтилип жаткан учур
Аталган долбоор тууралуу Т.Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев төмөнкүлөрдү билдирди:

Абсатар Эшимбаев
“Азыркы учурда Абшыр-Ата айылындагы негизги жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Эс алуучу жайга баруучу жол мурда тар болуп, айрым учурларда автоунаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаратып келген. Ошондуктан жолду кеңейтүү зарылчылыгы жаралды.
Мындан тышкары, жолго тоскоол болуп жаткан суу түтүктөрүн жылдыруу иштерин да параллелдүү жүргүзүп жатабыз. Бул иштер аяктагандан кийин аймактагы транспорттук шарт бир топ жакшырмакчы.”
Айыл өкмөт башчысынын айтымында, алдыдагы пландарда дагы инфраструктураны өнүктүрүү, туристтер үчүн шарттарды жакшыртуу багытындагы иштер улантылат.



Жолго жолтоо болгон суу түтүктөрү
Белгилей кетсек, Абшыр-Ата айылы кооз жаратылышы жана эс алуучу жайлары менен белгилүү болуп, жыл сайын көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева