Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Ж. Амираев атындагы Маданият үйүндө Талантбек Эргешов жетектеген жамаатынын ийримдери уланууда. Бул ийримдер жаштардын жана улуу курактагылардын бош убактысын туура уюштурууга, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө жана маданий тарбия берүүгө багытталган.

Учурда маданият үйүндө бир нече багыттагы ийримдер иш алып барып, ага мектеп окуучулары, улгайган курактагылар жана жаштар активдүү катышууда. Ийримдердин алкагында катышуучулар сахналык маданиятты өздөштүрүп, ыр-бий, көркөм окуу жана башка чыгармачылык багыттар боюнча тажрыйба топтошууда. Талантбек Эргешов баштаган жамаат ар бир катышуучунун шык-жөндөмүн ачууга өзгөчө көңүл буруп, аларды чыгармачылыкка шыктандырууда.

Ийримдин катышуучулары сынактарда

Комуз ийрим учурунда
Ж. Амираев атындагы Маданият үйүнүн директору Талантбек Эргешовдун айтымында, учурда ийримдерге элүүдөн ашуун айыл тургундары жана окуучулар катышууда.

Талантбек Эргешов
«Учурда маданият үйүндө “Шайыр апалар” тобу, “Апшыр-Ата” эстрадалык тобу, ошондой эле окуучулардан куралган эстрадалык вокал, комуз жана аккордеон ийримдери иш алып барууда. Биз таланттуу инсандарды ар тараптан колдоп, дайыма жанында болуп, алардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө аракет кылабыз. Бул топтор менен райондук, облустук жана республикалык деңгээлдеги сынактарга, маданий иш-чараларга активдүү катышып, байгелүү 1-, 2- жана 3-орундарды ээлеп келебиз,» — деп билдирди.

Эстрадалык вокал ийрими

Ийримдин катышуучулары

Аккардион ийрими


Ийримдин катышуучулары сынактарда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева