Ысык- Көл облусунун Түп районуна караштуу Тасма айылында темирден ар кандай буюмдарды жасап, көп жылдык тажрыйбасын элге сунуштап келе жаткан устанын ишмердүүлүгү. Темирчилик өнөрдүн чебери темир уста менен сүйлөшүп, анын бул өнөргө кантип келгенин, эмгек жолун жана келечекке болгон көз карашын уктук.

Айыл тургуну Ырысбек Касымов бул темир ишин хобби катары көрөөрүн айтты:
» Мен бул иш менен алектенип келгениме көп эле болду. Быйылкы жыл менен 3 жыл болот. Мал чарбачылыгына керектүү акырларды жасап сатыкка чыгарам. Бул өнөргө өзүмдүн жөндөмдүүлүгүмдүн артынан ушундай буюмдарды жасап калгам. Бир буюм жасаганда сапаттуу жана элге керектуу буюмдарды жасаш керек. Жалаң гана темир материалдар колдонулат. Бир сыйра колдонулган темир, бочкалардан жасалат. Бир буюмду жасаганга толук 1 күн убакыт кетет. Жумуш учурундагы эң татаал этап өлчөп, ченөө. Кээде бир буюмду жасоодо өлчөп — ченегенде ката кетирбеш үчүн бир нече жолу кайра текшерем. Темир менен иштөө оңой эмес, эң негизгиси электр коопсуздугун сакташ керек. Мен ишке киришерден мурда шаймандарымды текшерип алам. Колума кол кап кийип, көзүмө коргоочу айнек тагынам. Мен үчүн бул жөн гана акча табуунун жолу эмес, бул- өнөр. Ар бир жасалган буюмда өз эмгегим калат. Менин максатым — айыл тургундарына керектүү жана узак кызмат кылуучу буюмдарды жасоо. «- дейт Ырысбек Касымов.

Даярдаган: Адилия Акунова, Айэлина Ринатова.