Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мөндүр аралаш жаан чачындан улам сел жүрдү. Жабыр тарткандар жок.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 16-апрель күнү «Алиппе» майрамы болду. Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.
Ош облусунун Кызыл-Булак айылында жашаган Алмакан Таштемирова жарык дүйнөгө келгенден бери I топтогу майып. Бирок ага карабастан ал 12 жашынан бери ыр жазып, алары түрдүү гезит беттерине басылып келет. Эки …
Ноокат районунун Телман айылында эки элди достоштуруп туруучу көпүрө курулду. Ал үчүн айыл тургундары долбоор жазышкан.
Ноокат районунун Көтөрмө айылына Эшболот Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейи ачылды. Окуу корпусунун тиби жакшы ылайыкташтырылган, бир кабаттуу жана 80 орундуу.
Ноокат районун Көтөрмө айылында «Элболсун» деген аталышта жаңы ашкана ачылды. Жетекчиси Тынчтыкбек Рахимбердиевдин айтымында, азырынча кардарлардан эч кандай арыз доомат түшө элек.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинин короосунун пайдубалы куюлуп, аны 1996-жылдын бүтүрүүчүлөрү колго алды.
Ноокат районунун Байыш айылына электр энергияга кеткен чыгымды тогүү үчүн касса ачылды. «Ош электронун» буйругу менен ачылган кассага эми тургундар алыс барбай эле өз айылынан электр жарыгына акча төлөй алышат.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу (ҮДТ) ооруканада көрктөндүрүү ишин жүргүзүштү. Анда имараттын айланасындагы арчалар акталып, 150 түп алма, терек көчөттөрү отургузулду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылынын Жапар Нышанов орто мектебинде көрктөндүрүү иштери болду. Мектептин айланасына ак кайындар жана роза гүлдөр отургузулду.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы жыгач, темир уста Азамат Маматемин уулу дарбаза, эмерек, шып, стол жасайт. Бул иш менен жети жылдан бери алектенет.
Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Ноокат районунун Ак-Чал айылында бир жыл мурда башталган футбол аянтчасы жарым жартылай курулушу менен токтоп турат.