Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 16-апрель күнү «Алиппе» майрамы болду. Бул күндү окуучулар чыдамсыздык менен күтүшкөн эле.
Бул күн 1-а жана 1-б класстары үчүн эсте калаарлык күн болду. Анткени ушул кезге чейин окуп, жаттаган нерселеринин баарын чоң зал ичинде окуучуларга жана ата-энелерге айтып беришти.

1-б классынын жетекчиси Бегайым Досмуратова бул күндү күтүп, катуу даярданганын айтат. «Окуучулар жана мен үчүн эсте калаарлык күн болду», — деди Досмуратова.

1-классынын окуучусу Нурпери Абдурасуловага бул майрам жаккан. Ал бийге түшүп, ырларды айтты.
Бул күнү окуучулар ата-энелерге өзүнүн өнөрлөрүн, таланттарын жана окуп үйрөнгөн билимдерин көрсөтүштү.

1-а классынын жетекчиси Уулкан Маткасымова бүгүнкү майрамга ыраазы болгонун айтат. «Анткени ушул кезге чейин берген билимимди текке кетирбей, баарын ойдогудай жасашты», — дейт ал.

Куу-Майдан айылынын тургуну Курбан Султанова майрамга канааттанганын билдирди. «Алиппе майрам жакшы деңгээлде болуп өттү. Өтө катуу даярданышыптыр. Адамды канааттандырды», — дейт Курбан Султанова.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн
АК