Сүлүктү шаарынын мэри А.А. Ибрагимов тарабынан уюштурулган «Мен таза шаар үчүн» акциясы Кошбулак аймактык башкармалыгынын жарымын түзгөн 6 айылда бүгүн акция уланды.
«Кошбулакта 8 миң ашуун калк 12 айылда жашайт. Таштанды алып чыгуучу техникалардын саны чектелүү болгондуктан акцияны эффективдүү өткөрүү үчүн Эки күндүк иш чара түзгөнбүз. Кечээ ылдыйкы аймакта жайгашкан айылдарда өткөрдүк эле, бүгүн жогорку зонадагы 6 айыл өткөрүп жатат. Эмгек Кызыл Туу орденинин кавалери, эс алуудагы мугалим эжей, Мархамат Халбаева баштаган «кемпирлер» тобу Р. Жолбаев көчөсүнүн тургундарынын атынан катышып, аз иштесе да саз иштеп жаш келиндерге үлгү болушту. Бар болуңуздар кадырлуу энелер»- дейт Кошбулак аймактык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркулов.

Кабарчы: Анварбек Тухтаров