Жайыл районунун Жайыл айылында туулуп өскөн Жогорку Кеңештин депутатынын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» коомдук уюмдун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти сунуштайбыз.
Назгүл Бейшеева Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаеванын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» эл аралык коомдук уюмунун президенти.
«Акыркы 4-5 жылдан бери кыз-келиндердин укуктарын коргоп жүргөн адаммын. Фонд элет жериндеги аялдарга жакшы шарт түзүп берели деген максат менен алек», — деп билдирди Бейшеева.
Биздин медиаборбор боюнча кандай ойдо калдыңыз? Сизге жактыбыбы?
— Мен силердин айылга келип, абдан кубанып жатам. Ушундай мультимедиялык борбор бар экен, силерге окшогон жаш кыздар иштеп, кадимки айылдык корреспондент экенсиңер. Муну ар бир адам иштете албайт, шык керек, билим керек, талант керек. Менин оюмча силерден атактуу журналисттер чыгат деп ойлойм келечекте.
Сиздер Жогорку Кеңештин депутаты Динара Шертаевна Исаеванын демилгеси менен негизделген «Ак дилден» аттуу эл аралык коомдук уюмунун президенти Бейшеева Назгүл менен болгон маекти уктуңуздар. «Ак дилден» коомдук уюмуна «Ак кептердин» атынан чоң чоң ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Султаналы Чакчагаев, Гүлзаада Бейшенбекова.
Сынак үчүн