Кара-Суу орто мектебинде аскерге чейинки даярдык (АЧД) сабагынын кандай өтүлүп жаткандыгы тууралуу кеп курмакчыбыз. АЧД сабагынын мугалими Азаркулов Нурадил менен маектештик.

— Мен Кара-Суу орто мектебинде 18 жылдан бери аскерге чейинки даярдык сабагын өтөм. Көп жылдан бери районого, военкоматка кайрылып жатабыз, автомат берилсе балдардын теориялык алган билимин, практикада көрсөтө билсе жакшы болот эле деп. Союз убагында мектептерде автоматтар болчу эле. Азыр болсо мектептерде жок.
Калашников автоматы мектепте жок эле. Аны кайдан, эмне үчүн алып келдиңиз?

— Жыл сайын райондо мектептер аралык «Зарница» оюну өтөт. Биз дагы катышабыз. Быйыл оюндун программасында автоматты чачып, кайра жыйноо да киргизилиптир. Ошого карата военкоматка арыз жазып, балдар кичине болсо да даярданып, мелдешке активдүү катышсын деп, доверенность менен мектепке автомат алып келдим. Теориялык жактан үйрөткөнүмдү практикада бекитишсин деп. Мына ошентип, балдарды мелдешке даярдап жатам. Оюнда 100 метрге чуркоо, турникке тартынуу, Ф-1 гранатасын алыстыкка ыргытуу, жарадарларды ташуу, эстафета болот.
«Зарница» оюунуна кандай даярдык жүрүп жатат?
— Кара-Суу мектебинин окуучулары оюнга жакшы даярданып жатат. Биринчиликти алсак деген ойдо бар.

Мектептерге автомат берсе болобу? Курал-жарак сактоочу жай барбы мектепте?
— Мектептерге вонкомат аркылуу автомат берилсе жакшы эле болмок. Биз мектепке курал-жарак сактоочу жайды даярдап койгонбуз. Сейф бар, эшиктери темирден, сигнализациясы бар. Район менен сигнализация туташа элек, өзүбүздө бар, метептин ичинде. Курал берилсе биздин курал-жарак сактоочу жай дайын. АЧД сабагын мурунку союз убагындагы китептер менен өтүп жатабыз. Жаңы китеп чыгарылса жакшы болот эле.
Даярдагандар: Таазим Талдыбекова, Элина Азаркулова
Сынак үчүн