Нарын областы боюнча мектеп окуучуларынын арасында өткөрүлүп жаткан биометрикалык каттоо жүргүзүлүүдө. Буга Ак-Талаа районунун баардык 18 айылынын информатика сабагынын мугалимдери барып бир сааттык сабак алып келишти. Анда ар бирине бирден ноутбук берилген, аны 1-майга чейин окуучуларды базалык каттоодон өткөрүп, анан жалпы республикалык маалымат жүргүзүлөт.
Базалык каттоодон өтүү үчүн мектеп окуучуларынын ата-энесинин паспортунун көчүрмөсү, туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн жана ОМСтин көчүрмөсү керектелет.
Бул жөнүндө Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика сабагынын мугалими Макелеева Нургүл маалымат берип кетти.

— Жакында эле Нарын облусунда базалык каттодон өтүү боюнча 18 айылдын информатик мугалимдери сабак алып келдик. Ал жактан каттоону кантип өткөрүү керек экенин гана үйрөнүп кайттык. Бул каттодо биометрикадан өтө элек гана окуучулар өтө алат.
Үстүдө аты аталган мектептин 11-классынын окуучусу Нургиза Сатарбекова бул каттоо тууралуу мындайча токтолду.

— Бул каттоого көз карашым түз эле. Бирок биометрика боюнча толук маалымат билбейбиз. Угушубузга караганда берилген логин аркылуу чет өлкөгө чыгарда биз жөнүндө маалымат берет экен. Ал да болсо бизге оңой болот. Мында бизге тоскоолдук жаралбайт.
Биометрикадан өтүүгө кээ бири түз карашта болсо кээ бири каршы болууда. Бул боюнча Бейшеналиев орто мектебинин ата-энелер коммитетинин мүчөсү Кубатова Айнура билдирди.

— Бул биометрикалык каттонун өтүүшүн туура деп ойлойм. Буга мектеп окуучулары гана эмес бала бакчадагы жана жаңы төрөлгөн балдарды дагы ОМСте каттагандай эле биометрикадан дагы өткөрүшсө мындан да жакшы болмок.
Даярдаган: Нурпери Муратбекова, Айганыш Конокбаева
Сынак үчүн