Мамлекеттик экотехинспекциянын регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлери Сүлүктү шаарындагы жергиликтүү бийлик менен жана коомчулук менен тыгыз иш жүргүзүп келүүдө. 
«Биздин кызматкерлер келсе коомчулуктун кээ бир өкүлдөрү текшерип айып пул салуучу же жазалоочу орган катары кабыл алышат. Биз тескерисинче жергиликтүү бийлик менен жана коомчулук менен тыгыш иш жүргүзүп, түшүндүрүү иштерин, алдын алуу иштерин жүргүзөбүз. Өзгөчө мэр А.А. Ибрагимов баш болгон Сүлүктү шаардык мэриясы биздин тажрыйбабызды сунушубузду колдонуп, көйгөйдү жашырбай ортого салып, биргелешип чечүү жолдорун сунуштап укук-ченемдик тармакта мыйзам ченинде алдын алуу боюнча көп иш алып барабыз. Эл менен да жакын иш жүргүзүп түшүндүрүү иштерин системалык түрдө жүргүзүп келүүдөбүз»- дейт мамэкотехинспекциянын Баткен облусу боюнча регионалдык кызматкерлеринин бири К. Маасалиев.
Кабарчы: Б. Юсупова