Ноокат районунун Куу-Майдан айлындагы таштанды төгүүчү жай эл жашаган жерге жакын жайгашкандыктан ыңгайсыздык жаралууда. Таштандыдан өлгөн жаныбарлардын денесин көрүүгө да болот.

Таштандынын өзү эле эмес, анын жыты да тургундарга терс таасирин тийгизип жатканын айтышат. Жаш балдар таштандыдан ар кандай буюмдарды таап чыгып, ойноп жатышат. Ата-энелер балдарынын ооруп калуусунан чочулашат.
Куу-Майдан айылынын тургуну Орозгүл Асамидинованын айтымында, таштандыны чоң эле адамдар ыргытат, аны болсо жаш балдар барып алып ойнойт.
«Ооруну өзүбүзгө өзүбүз тилейбиз, кылабыз. Ошошну нарагыраак алып барып төксө болот. Мындай нерселер уят да», — дейт Асамидинова.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн