Лейлек районуна караштуу Андарак айылынын жаш тургундарынын бири чымынды колдонуу менен бактерияларга каршы күрөшүү дарысын ойлоп тапса, дагы бири суу тазалоочу фильтрди жасап чыккан.
Андарак айылында 1998-жылы туулган Касым Абдувалиев менен 2001-жылы туулган Майсалбек Өмүрзаков ойлоп табуучулугу менен Түркиянын Измир шаарындагы Кыргызстандын атынан инженердик илимий конференциядагы жарманкеге катышып алдыңкы орун менен кайтышты.
Майсалбек Өмүрзаков “Семетей” лицейинин 8-классынын окуучусу. Ал 7-класстан бери ойлоп табуучулукка кызыга баштаган.
Майсалбек дүйнөдө чоң көйгөйлөрдүн бири суу маселесин көтөргөнүн айтат. Ал кир сууну тазалоочу фильтр жасап чыккан. Бул тапкычтыгы менен 12 мамлекеттин арасынан күмүш медалын камсыздаганын айтат.
“Менин биринчи эмгегим текке кеткен жок. Анткени мен чоң көйгөйлүү — сууну тазалоочу фильтр чыгардым. Бул физика катеогориясына кирет. 12 өлкөнүн арасынан 2 орунду ээледим. Жасоого көп деле акча кетпеди”, — деп билдирди Майсалбек.
Бул конференцияга баруу үчүн бир ай тынымсыз даярданганын айтат. Келечекте биология катеогориясында ар кандай оорууларга дары ойлоп чыгам деп кошумчалайт.
“Кийинки кадамым биология катеогориясында дарыларды ойлоп чыгуу ниетим бар. Каникулда буюрса бир дары ойлоп табам”, — деп билдирет жаш ойлоп табуучу Майсалбек Өмүрзаков.
Илимий конференцияга 300дөн ашуун долбоор көрсөтүлгөн. Анын ичинен 167 долбоор кабыл алынган. Кыргызстандык окуучулар мында 2 күмүш, 3 коло медалды камсыздады.

Касым Абдувалиев “Семетей” лицейинин 11-классынын окуучусу. Лейлек районун Андарак айылында туулган. Жаш кезинен ойлоп табуучулукка кызыгуусу чоң болгондугун айтат.
“Жаш кезимден ойлоп тапканды жакшы көрчүмүн. Биология катеогориясында бактерияга каршы дары ойлоп таптым. Бул менин алгачыкы эмгегим”, — деп билдирди жаш ойлоп табуучу.
Ал 10-15-апрель күндөрү Түркиянын Измир шаарындагы инженердик илимий конференциядагы жарманкеге катышкан. Ал жерден 12 мамлекеттин арасынан өз эмгеги менен 3-орунду камсыздап келгенин билдирет.
“Түркиянын Измир шаарында өткөн инженердик илимий конференцияга катышып, 12-мамлекеттин арасынан коло медаль алдым. Биринчи эмгегим мынчалык болоорун билген эмесмин. Жакында көптөгөн пландар бар”, — деп кошумчалады Касым Абдувалиев.
Даярдаган: Камбар Асан уулу
Сынак үчүн