Лейлек районуна караштуу Андарак айылында 2013-жылы ЮНИСЕФтин каржылоосу менен түзүлгөн “Жаштар борбору” өз ишин улантууда. Борбордо окуучулар өздөрүнүн билимин өркүндөтүп, ар кандай иш-чараларга катышып тажырыйба топтошот.
Бул тууралуу “Жаштар борборунун” координатору Сухроб Эргешовдон кененирээк маалымат алдык.
“Бул долбоорду айыл өкмөтү да колдоп берген. Мындан башка Жалал-Абадда дагы бир уюум бул долбоорду ишке ашырган. Учурда бул борбордун каржылоосу токтогон. Бирок биз ага карабастан иштеп жатабыз. Борбордун компьютерлери жана мындан башка инстурменттери айыл өкмөттүн каржылыгында турат. Жакында биз комузду үйрөтүү курусун ачууну пландап жатабыз. Балдарды ар кандай лагерлерге, башка жактарга баруусуна биз жардам берип жөнөтүп жатабыз», — деп токтолду Эргешов.
Жакында эле айылдагы жаштар борборунун эки мүчөсү Ош шаарында жашоого жөндөмдүүлүк боюнча тренингден өтүп келип, алган билимин окуучуларга үйрөтүп жатканын кошумчалады борбордун координатору.
«Жаштар борборунун» мүчөсү Гүлкайыр Джораева бул жерден көптөгөн досторду, кызыктуу маалыматтарды жана өз кесибин тапканын айтат.
Айыл өкмөттүн борборго 50 миң сом бөлгөн. Эми ал каражат менен жакында “Жаштар борбору” оңдоп түзөөдөн өтө баштайт. Борбордо компьютердик сабаттуулук, орус жана англис тилдери курстары бар.
Борбордун координаторунун айтымында, жаштар айыл өкмөткө, полиниклиникага барып тажырыйба топтошот. Бул деген жаштардын кесибин таңдоого багыт берет, деп эсептейт ал. «Жана дагы балдарды психологиялык жактан тарбиялап, келечекте бир кесипке ээ болуп, өзүбүздүн мекенибизге жакшы кызмат кылат деген ойдобуз”, — деди Эргешов.
Даярдаган: Данияр Бахридин уулу
Сынак үчүн