Бакай-Ата айылынын маданият үйүндө 19-апрель күнү Калипа Чалованын отуз жылдык мааракелик концертин берди. Концерт билети 100 сомдон сатылды.
Аны коштоп кудулдар, ырчылар, алып баруучулар келди. Концертке күбө болуу үчүнБакай-Ата айылынын маданият үйүнө эл жыйналды.
Концерте Калипа Чалованы колдоп келген Кыргыз Ресбликасынын эл артисти Айбек Касымов өз оюн мындай деп билдирди.
“Калип Чалова эжебиз менен отуз жылдан бери сахнада бирге ырдап жүрөбүз. Быйылкы отуз жылдык мааракелик концерти аябай жакшы деңгээлде өттү”, — деди ал.
Концерттин ээси Калипа Чалова Бакай-Ата айылынын элине жана досторуна терең ыразычылык билдирди.
Андан соң ал «Бакай-Ата FM» радиосуна келип эфирде ар кандай суроолорго жооп берип кетти.
Даярдаган: Тимур Молдогазиев
Сынак үчүн
АСе