Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Асан Сопиев мектебинде 1968-жылдан 2003-жылга чейин Эркин Алтынбекова физика мугалими болуп эмгектенген. Алтынбекова өз эмгеги менен Кыргыз СССРдин эмгек сиңирген мугалими жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон.
Алтынбекова физика сабагынан окуучуларга берген билими үчүн мактоо баракчалары менен сыйланганын жана мектеп учурда атын алып жүргөн Асан Сопиев агай менен да иштешкенин айтат.
“Мен өзүм жогорку билим менен 2003-жылга чейин эмгектендим. Эмгектенүүмдүн натыйжасында көптөгөн грамоталар менен сыйландым. Ошондой эле мен Сопиев Асан агай менен иштеп, жакшы сапаттарын ала алдым», — деди ал.
Ал эми учурда мектепте мугалим болуп эмгектенип жаткан Кундуз Шалтабаева 5-классынан 11-класска чейин Эркин Алтынбекованын класс жетекчилиги алдында билим алганын айтат.
“Эркин эжейди азыр мен өзүм мугалим болуп түшүнүп жатам. Эжей бизге усулдарды көп колдонуп сабакты өтүү менен бизге жакшы түшүндүрчү. Эркин эжей ошол эрте пенсияга кетип калды», — дейт Шалтабаева.
Ошондой эле небереси Актан Абдрасулов чоң энем мага математика сабагынан көп жардам берет жана көп учурда сабагыма көп жардам берет дейт.
“Менин чоң энемдин мага таасири чоң. Мен азыр мектепте жакшы окуганыма да чоң энем себепкер. Чоң энем мага жакшы мамиле кылат»,- дейт небереси Актан Абдрасулов.
Даярдаган: Айдана Саякова
Сынак үчүн