Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Кыргыз-Ата» футболдук клубу ачылды. Бул клубдун жетекчиси атайын Москва шаарынан келген.
Машыктыруучу Борис Николаевдин айтымында, клуб ачылгандан бери ар жактардан балдар келип кызыгып, футболго катышууда.

«Бул клубду ачканыма өзүм да өтө кубанычтамын», — дейт Николаев.
Бул клубдун ачылганына көп убакыт боло элек. Ошондой болсо да ийгиликтерге жетишип жатканын айтат топтун мүчөсү Умар Меңдибаев.
«Биздин футбол клубунун түзүлгөнүнүн маарекесине карата өткөрүлгөн мелдеште Ноокат, Ош, Кызыл-Кыя шаарларынын арасында 1-орунду багындырдык», — деди Меңдибаев.

Меңдибаев кошумчалагандай, клуб ачылгандан бери айылдагы балдар бош убактын ойноп, көңүл ачып өткөрүп кетүүдө.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн