Ноокат районунун Көтөрмө айылында «Мераж нуру «деген жаңы бала бакча курулду. Бул бакчанын ачылганына айыл эли ыраазы.

Бала бакчанын жетекчиси Алтынай Абибилла кызынын айтымында, бакча ачылып, балдар бул жерден көптөгөн нерселерди үйрөнүп жатышат. «Бакчанын ачылганына мен аябай эле кубанычтамын, анткени кичинекей балдар менен иштөө мен үчүн чоң бакыт», — дейт Абибилла кызы.

Бала бакча чоң жана кичине болуп эки тайпага бөлүнөт. Балдардын жалпы саны 60. Чоң тайпада 30, кичинесинде болсо 30 бала тарбияланышат.

Балдарга үч маал тамак берилет. Эртең менен каша, түшкүсүн ар кандай балдардын табиттерине жараша жана кечкисин чай менен токоч.

Бакчанын ашпозчусу Жанара Абдыбекованын айтымында, балдар берилген тамактарды калтырбай ичишет.

Бакча Дүйшөмбүдөн Жумага чейин саат 9-17 аралыгында кызмат көрсөтөт.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн