
Германия Эл аралык кызматташтык Коомунун (GIZ) Кыргызстандагы өкүлдөрү бүгүн 21.04.2016-жылы атайын иш сапары менен Сүлүктү шаарына келди. Буга себеп GIZ долбоорунун Айыл чарбасын өнүктүрүү программасына мурда сунушталган долбоорду өз ордунда көрүү экен.
Келген конокторду Шаардын мэри А. А. Ибрагимов, Шаардык Кеңештин төрагасы К. А. Исмаиловдор баштаган бир топ жетекчилер тосуп алышып, долбоордун реализациялануучу ордуна барып талкуу болду.

«Шаарыбыздын экономикасынын өзөгүн көмүр өндүрүү тармагы түзгөндүктөн акыркы убактарда көмүрдүн баасы кескин төмөндөп белгилүү бир деңгээлде экономикалык каатчылык жагдайы түзүлдү. Мындай көрүнүштү болтурбоо үчүн альтернатива түзүү жана көмүр кенинде иштегенге мүмкүнчүлүгү жок (кыз-келиндер, көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой энелер) жарандар үчүн кошумча киреше булагын түзүү максатында колдо бар жер тилкелерин заманбап ыкмалар менен иштетип айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бир канча долбоорлор сунушталган. GIZ- уюму көңүл бөлүп, кызыгуу арттырып маселени ордунан көрүү үчүн адистерин жөнөтүптүр. Негизинен жолугушууда :
1) 8/11- талаадагы Н. Д. Жураев тарабынан аныкталган суу бассейниндеги сууну айыл чарбасы үчүн сугат суу кылып иштетүү. Бул багытта иштей турган донордук уюм жакында өздөрү келээри маалым болду
2) Күнөскананын долбоору боюнча эсептик наркы жолугушууда такталгандай өзгөртүлүп, такталып бекитилсе долбоорду иш жүзүнө ашыруу.
Ушул эки маселе талкууланып биргелешип иштөө планы бекитилди»- дейт долбоордун автору Б. Э. Сапаркулов

Кабарчы: М. Исканов