Терек-Суу айылындагы №12 Курама уулу Турусбек мектебинде 20-21-апрель күндөрү «Китеп жумалыгы» болуп өттү. Эки күнгө созулган иш чарада окуучулардын китепке болгон кызыгуусу артып жатканын айтышат.
Китепканачы Сагынбү Ташматова мектеп жамааты 23-апрель «Китеп күнүнө» карата бул жуманы «Китеп жумалыгы» деп жарыялагандыгын айтат.
«Жуманын биринчи күндөрү мугалимдер бөлмөсүндө мугалимдерге методикалык жана кыргызча, орусча адабий китептердин көргөзмөсүн уюштурдук. Андан бери биз мектептин коридорунда окуучулар үчүн кызыктуу болгон кыргыз, орус тилиндеги көркөм адабияттарды жана балдарга арналган китептерди алып чыктык. Көргөзмө жакшы өтүп жатат, окуучулардын кызыгуусу абдан зор», — деди Ташматова.
7-классьын окуучусу Гулиза Рысбек кызы «Китеп жумалыгына» катышып көптөгөн кызыктуу китептерди окугандыгын айтат.
«Дагы көптөгөн кызыктуу китептерди окуучуларга тартууласа деп ойлойм. Мага бул иш чара абдан жагып жатат», — дейт Гулиза.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн