Ноокат районунун Айбек айылында жаңы мончо курулду. Мончонун кызматынан пайдалануу 80 сомдон 100 сомго чейин турат.
Мончонун ээси Тынчтыкбек Абдилдаевдин айтымында, мунун ачылганына эл ыраазычылыгын билдирүүдө. «Баарына жагууда, эч кандай арыз-доомат түшө элек», — дейт ишкер.
Мончонун ачылганына эки айдын жүзү болду. Анда аялдар үчүн өзүнчө, ал эми эркектер үчүн өзүнчө бөлмөлөр бар. Андан сырткары жалпы түшүүчү бассейндер да бар.
Айбек айылынын тургуну Ажыбек Эргешов мончонун ичи таза, тыкан жана жылуу экенин айтат. «Баасы да арзан, канааттандырат», — дейт Эргешов.
Мончонун баасы 80 сомдон 100 сомго чейин. Жакшы жери мончонун ичинде атайын суусундуктар, самын, сүлгүлөрү бар. Мончо эртең менен 10:00дон кечкисин 22:00ге чейин кызмат көрсөтөт.
Мончодо иштеген Адинай Маратбай кызынын айтымында, мончого келген кардарлардын аягы эртеден кечке үзүлбөйт.
Даярдаган: Дилнура Абдиламит кызы
Сынак үчүн