№12 Курама уулу Турусбек мектебинде бүгүн 21- апрель « Алиппе» майрамы болуп өттү. Биринчи класстар ата- энелерине таланттарын көргөзүп, ырдап, бийлеп, жыл бою жаттаган ырларын айтып ата- энелерин кубантып жатышты.
Башталгыч класстардын окуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Жумагулова «Алиппе» майрамынын жүрүшү тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
«Балдарды караӊгыдан жарыкка жетелеген ушул Алиппе болгондуктан, Алиппедеги көптөгөн тамгаларды тыбыштарды окуп бүтүп, тамга таанып бүтүп, Алиппе менен коштошуу мезгили болуп жатат. Ар бир окуучунун эсинде калат жана ата-эненин эсинде калат деп ойлойм. Бизде 1-класстан төртөө бар, «А» жана «Б» класстардыкы бүгүн өтүп жатат. Бул майрамда жалпы ошол класстын ата- энелери катышып, балдардын өнөрүн көрүшөт. Майрамда бир эле окуу менен чектелбестен, алардын коомго, жаратылышка болгон мамилесин өзгөртүп дегеле бардык жактан интеллектуалдуу болгонго тарбиялайт», — деп токтолду Жумагулова.
1- А класстын класс жетекчиси Нурайым Жумагулова «Алиппе» майрамынын мындай деӊгээлде өтүүсүнө ата-энелердин салымы чоӊ экендигин айтат.
«Бул «Алиппе» майрамы бардык бөбөктөр үчүн орчундуу майрам болуп эсептелет. Биз 1-А класс болгондуктан биз бүгүн өткөрүп бүттүк. Мында балдарым аябай майрамдык маанайда жакшы катышып беришти. Окуучулар Алиппе китебин окуп бүтүп, андагы жакшы ырларды, макалдарды жатташып, жакшы бийлешип, эӊ жогорку маанайда өттү деп ойлойм. Бул майрам баланын турмуштагы эӊ биринчи майрамдарынын бири деп эсептейм. Келечекте көптү үмүттөндүргөн балдардан болот деп ойлойм. Ата-энелерге рахмат, бала деп жашап жүрүшөт бардык адамзаты. Балдардын формаларын тиктиришип, ижарага алышып, мугалим тарабынан берилген бардык талаптардын бардыгына макул болуп, жакшы колдоо көрсөтүштү», — деп айтып берди ал.
Айыл тургуну Чынара Осмонкулова балдардын аӊ-сезими мындай майрамдардын жардамы менен өзгөрөт дейт.
«Албетте менин кызым бул майрамга активдүү катышып жатат. Балдардын аӊ-сезими дагы өсүп, жакшы болуп жатат. Мага аябай жагып жатат», — деди Осмонкулова.
Даярдаган: Азима Нурбек кызы
Сынак үчүн