
(Сүрөт фейсбуктан алынды)
Сүлүктүлүк даанышман агай, «Кыргыздын Макаренкосу», көп жылдан бери Лейлектеги №3-Гимназиясын түптөп, жетектеп келген, 15 ашуун китептин автору Гапыр Маматкулович Мадеминов, атайын чакыруу менен Финляндияда иш сапары менен жүрөт.
Белгилей кетсек Гапыр агайдын педагогика жаатындагы эксперименталдык тажрыйбалары аркылуу аныкталган илимий табылгалары учурда Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндөгү окумуштуу педагогдордун көңүлүн буруп, Жогорку, орто окуу жайларында, мектептерде кеңири колдонула баштады.
Агайдын иш сапарына ийгилик каалап көптөгөн жаңы ачылыштарды күтөбүз.
Агай келгенде окурмандарыбыз үчүн кеңири макала чагылдырганга аракет кылабыз.
Кабарчы: Б. Сапаркулов