Ноокат районунун Куу-Майдан айылында мөндүр аралаш жаан чачындан улам сел жүрдү. Жабыр тарткандар жок.

Куу-Майданда 18-апрель күнү мөндүр аралаш жаандан улам улуу сел жүрдү.

Айттырбай келген селден тургундардын арасынан жабыр тарткан жок. Бирок жер-жемиштерге кесепетин тийгизди.

Улам келген селден айынан бул жар күн сайын кеңейип келүүдө. Бул жар убагында кичине эле болгон.

Куу-Майдан айылынын тургуну Бубира Урайимова «эң жакшысы зыян келтирбеди, жер-жемиштерге бир аз кесепетин тийгизди» деди.

Даярдаган: Нуриза Калил кызы
Сынак үчүн