Жуматай Мамбетов атындагы музыкалык мектебинин түптөлгөнүнө 50 жылдан ашты. Мектепте окуучулар негизинен музыкалык аспапта ойногонду үйрөнүшөт.
Балдардын музыкалык мектебинин завучу Дариха Момунтаеванын билдиришинче, окуу жайы 1964-жылы ачылган. Учурда 122 окуучу билим алып, сегиз мугалим эмгектенет.

Балдар жөн эле үйрөнбөстөн Бишкек шаарында өтүлгөн балдардын сынактарына барып катышып келишет.

Мектепке 3-4-клаастан баштап окуучуларды кабыл алышат. Музыкалык мектепте 15 жылдан бери комуз сабагынан берип келе жаткан Жаңыл Дөөлөтованын айтымында, райондук мелдештерде Бакай-Атадагы музыкалык мектептин окуучулары биринчи орунга ээ болууда.
Окуучулар айына 133 сомдон төлөп окушат. Бул жерге жаңы келгенде кыйынчылык болгон жок деп айтып өттү окуучу Акылай Сүйүналива.

«Буюрса окууну аяктасам борбордогу Күрөңкеев атындагы окуу жайына тапшырсам деген оюм бар», — дейт ал.
Даярдаган: Амантур Сейталиев
Сынак үчүн