Ноокат районунун Куу-Майдан айылындагы Жапар Нышанов орто мектебинде 1-апрелде «Эки элдин достугу» аттуу иш-чара болду. Ага Ноокат шаарындагы Самиев орто мектебинин окуучулары келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чараны Ноокат районунун билим берүү тармагы уюштурган. Буга чейин Нышанов орто мектебинин окуучулары да февраль айында Самиев орто мектебине барып өнөрлөрүн көрсөтүп келишкен эле.

Ал иш-чарага Самиев мектебинен 13 окуучу жана 2 мугалим катышып кетишти. Иш-чаранын аягында эки мектептин мугалимдери кийинки жылга спорттук мелдештерди өткөрүүнү пландашты.

Самиев мектебинин мугалими Разия Саттарованын айтымында иш-чара эки улуттун ортосунда ар дайым ынтымак бузулбастан, дос болуп жүрө берсин деген максатта уюштурулган.

Нышанов мектебинин директору Гүлзат Сапарбек кызынын айтымында, иш-чарада эки улуттун ортосундагы ынтымактыкты даңазалап окуучулар өздөрүнүн чакан концерттерин көрсөтүшкөн. «Окуучулардан аябай жакшы нерселерди көрүп чоң таасир алдык», — дейт Гүлзат Сапарбек кызы.


Нышанов мектебинин окуучусу Айжаркын Таалайбек кызы келген коноктор менен таанышып, дос арттырганын айтты. «Баары менен достоштум жана сүрөткө да түштүк эстелик үчүн», — дейт Айжаркын.
Даярдаган: Аймончок Курсантбек кызы
Сынак үчүн