Кыргыздын атактуу актрисасы Таттыбүбү Турсунбаева жана анын агасы Нуркан Турсунбаев тууралуу айытып бермекчибиз.
5-мартта Кара-Сууда Таттыбүбү Турсунбаева тууралуу фильм көрсөтүлдү.
Фильмди актрисанын агасы Нуркан Турсунбаев тартуулады. Көрүүчүлөр бул фильмден атактуу актрисанын өмүр баяны жана чыгармачылыгы менен таанышышты.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын артисти Нуркан Турсунбаев өзүнүн кинодогу ролдору, жараткан обондору тууралуу айтып берди.
Аккордеондо, комузда, домбрада жана мандолинада ойноп, өзу жараткан обондорун аткарып, өзүнчө концерт уюштурду.
Көрүүчүлөр суроолоруна жооп алышты. Нуркан Турсунбаевге биздин атактуу актриса жөнүндө кино тартып, элге тартуулап жатканына ыраазы болушту.
«Ак кептер» медиа борборунун атынан Нуркан Турсунбаевге ден-соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз.
Даярдагандар: Данияр кызы Назик, Медина Сатыбекова
Сынак үчүн