5-март – Ак калпак күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т.Кулатов айыл аймагында майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Т.Кулатов айылындагы Т. Айбашев жана К. Надиров атындагы орто мектептеринин окуучулары, ошондой эле «Абшыр-Ата айымдар тобу» катышты.

Иш чара учурунда

Иш чара учурунда
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев:

Абсатар Эшимбаев
Бүгүнкү майрамдык программа окуучулардын жана айыл таланттарынын аткаруусундагы ыр-бийлер менен коштолуп, улуттук баалуулуктарды даңазалоого багытталды. Иш-чаранын жүрүшүндө ак калпактын тарыхы жана анын кыргыз эли үчүн мааниси тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Ак калпак күнү — улуттук сыймыкты арттырган, салт-санааны урматтоого чакырган маанилүү күн. Учурдан пайдаланып Кулатов элин 5-март — Ак калпак күнү менен куттуктайм. Ак калпак — кыргыз элинин улуттук сыймыгы, ата-бабадан мурас болуп калган ыйык символ. Бул күн улуттук баалуулуктарыбызды урматтоого, каада-салтыбызды сактоого жана жаш муунду патриоттук духта тарбиялоого өбөлгө түзөт, — деп билдирди.


Иш чаранын катышуучулары
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева