Т.Кулатов айыл аймагында 21-февраль — Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата маданий иш-чара уюштурулду. Иш-чарага Кулатов айыл аймагындагы жалпы тогуз мектеп катышып, ыр, бий жана көркөм окуу номинациялары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Катышуучулар тилдин баалуулугун даңазалап, улуттук маданиятты чагылдырган чыгармаларды аткарышты. Жыйынтыгында мыкты деп табылган окуучуларга жана командаларга айыл өкмөтү тарабынан белектер жана сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын катышуучулары

Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев
Иш-чаранын катышуучусу, Э. Эргешов атындагы орто мектебинин окуучусу Дүйшеева Аленура:

Дүйшеева Аленура
“Биз бүгүнкү иш-чарага өзүбүздүн өнөрүбүздү көрсөтүү үчүн келдик. Тогуз мектеп менен таймашып жатабыз. Буйруса жакшы ийгиликтерге жетебиз деген үмүттөмүн. Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп жатат. Окуучулардын маанайы абдан жакшы.”

Калыстар баалап жаткан учур


Иш-чара учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева