Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Төлөк айылында жайгашкан «Фаризат» бала бакчасында 1 жаштан 2 жашка чейинки балдар үчүн атайын ясли тобу ачылды. Бул жаңылык айыл тургундары, айрыкча жаш үй-бүлөлөр үчүн кубанычтуу жана маанилүү кадам болду.
Буга чейин бала бакчага негизинен 3 жаштан жогорку балдар кабыл алынып келген. Эми эң кичинекей курактагы бөбөктөр үчүн да шарт түзүлдү. Адистердин айтымында, 1–2 жаш курагы баланын өсүп-өнүгүүсүндө өзгөчө маанилүү этап болуп саналат. Дал ушул мезгилде баланын тили чыгып, кыймыл-аракети калыптанып, айлана-чөйрөгө болгон кызыгуусу артат.

Сүрөт интернеттен алынды
Тарбиячылар бөбөктөр менен иш алып барууда алардын психологиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алышат. Күндөлүк тартип боюнча балдар убагында тамактанып, уктап, өнүктүрүүчү оюндар аркылуу жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүшөт. Ар бир балага жекече мамиле жасоо – негизги принциптердин бири.
Бөбөктөр тобунун ачылышы айылдагы жаш энелер үчүн чоң жеңилдик жаратты. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө 1–2 жаштагы балдарды карап туруучу мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан, айрым энелер жумушка чыга албай келишкен. Эми балдарын ишенимдүү жайга калтырып, эмгекке аралашууга же жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө шарт түзүлдү.
Мындан тышкары, жаңы топтун ачылышы менен бир нече жергиликтүү тургун жумуш орду менен камсыз болду. Тарбиячылар жана жардамчы кызматкерлер жергиликтүү адистердин арасынан тандалып алынган. Бул айыл жаштарынын өз аймагында иштеп, тажрыйба топтоосуна өбөлгө түзөт.
Бөбөктөр тобунун ачылышы айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон маанилүү демилге катары бааланууда. Тургундар бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алып, наристелердин келечеги үчүн жасалган иш катары белгилешүүдө.
Даярдаган: Мирайым Конокбаева