Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынан чыккан балбан кыз эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште алтын медалдын ээси болду. Айылдын активисти Сыртбек Ысмагул уулунун айтымында, Швеция мамлекетинде өткөн «Klippen Lady Open» аттуу кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча эл аралык турнирде Токтосун кызы Асель өспүрүмдөр арасында 49 килограмм салмакта күч сынашып, алтын медалдын ээси болду.

Белгилей кетсек, Асель буга чейин да ийгиликтерди жаратып келген. Ал өткөн жылы өспүрүмдөр арасындагы 3-Азия оюндарында күмүш медалдын ээси болгон.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова