12-февраль — Афган согушун эскерүү күнүнө карата Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Т. Кулатов айыл аймагында эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чара Афган согушунда курман болгон жоокерлердин жаркын элесин даңазалоо жана ардагерлерге урмат көрсөтүү максатын көздөдү.
Эскерүү иш-чарасынын алкагында согушта баатырларча курман болуп, ысымдары билим берүү мекемелерине ыйгарылган Т. Бекиев, Э. Эргешов, Ж. Айдарали жана К. Надиров атындагы орто мектептерине барышып, алардын элесине таазим этишти. Мектеп окуучулары мекенчилдик ырларды аткарып, сахналаштырылган чыгармаларды тартуулашып, баатыр агаларынын эрдигин даңазалашты. Бул көрүнүш жаш муундун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүнү ойготкон таасирдүү ирмемдер менен коштолду.

Афган ардагерлери


Э. Эргешов мектебинин окуучулары


Иш чаранын катышуучулары
Т. Кулатов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Абсатар Эшимбаев иш-чаранын маанисине токтолуп, бул күн тарыхты унутпай, баатырларды эскерүүнүн символу экенин белгиледи.

Абсатар Эшимбаев
«Афган согушун эскерүү күнүнө карата бул иш-чара уюштурулуп, айыл өкмөт тарабынан тиешелүү колдоолор көрсөтүлдү. Ардагерлерибизге бакубат карылык, бекем ден соолук жана узун өмүр каалайм. Алар ар дайым биздин сый-урматтын төрүндө. Өсүп келе жаткан жаштарыбыз ардагерлерди көрүп, алардын басып өткөн жолунан сабак алып, мекенчилдикке тарбияланышы керек», — деп билдирди.


Т. Бекиевтин элесине гүлчамбар коюлуп жаткан учур



Иш чаранын катышуучулары



Иш чара учурунда сыйлангандар
Ал эми Т. Кулатов айыл өкмөтүндөгү афган согуш ардагерлер кеңешинин төрагасы Марасул Тилебаевдин айтымында, аталган айыл аймагынан 30 жоокер Афган согушуна аттанган. Тилекке каршы, алардын 9у кан майдандан кайтпай, курман болушкан. 21 жоокер мекенине аман кайтып, бүгүнкү күндө эл ичинде кадыр-баркка ээ. Бул жолку эскерүү иш-чарасына 10дон ашык ардагер катышты.

Марасул Тилебаев
«Эң башкы тилегибиз — өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрсүн. Биз башыбыздан өткөргөн оор күндөрдү кийинки муун көрбөсүн», — деп билдирди.

А. Жунусовду эскерип жаткан учур

К. Надиров атындагы орто мектеп. Иш чара учурунда

Иш чара учурунда

Афган согушун ардагерлери



К. Надиров атындагы орто мектебинин окуучулары

Иш чаранын катышуучулары

Айыл таланттары


Иш чара учурунда
Даярдаган: Жумагүл Көчкөнбаева