Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күнтүү айыл аймагында жергиликтүү тургундар менен район администрация башчысы Илияз Ташкуловдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда сугат суу, электр энергиясы, спорт аянтчалары жана жер маселелери көтөрүлдү. Кызыл-Туу айылынын тургуну Мыктыбек Сазбаков Токбай айылындагы каналдын 2018-жылы башталган оңдоо иштери бүгүнкү күнгө чейин аяктабай жатканын белгилеп, бул маселе боюнча бир нече жолу кайрылганын билдирди. Ал сугат суу айыл чарба үчүн маанилүү экенин айтып, көйгөйдү чечип берүүнү өтүндү.
Өз кезегинде Суу чарбачылыгынын райондук башкармалыгынын башчысы Мирзат Өмүркулов Токбай каналынын 700 метр аралыгы бүтпөй калганын, аны быйыл бүтүрүү пландалып жатканын маалымдады. Ошондой эле Жыламыш суусунан эки сезондук суу сактагыч (БСР) курулуп жатканын, анын натыйжасында Маловодное айылына суу жеткириле турганын кошумчалады.
Мындан сырткары, айыл өкмөт башчысы Мирбек Суюналиев Новое айылында жаңы мектеп куруу үчүн жер такталып жатканын, жер маселеси чечилгенден кийин курулуш иштери башталарын билдирди.
Жыйын айыл өкмөт башчысынын жылдык отчету менен башталып, тургундардын суроо-жооптору менен жыйынтыкталды

Даярдагандар: Жанар Алгожоева,Айсулуу Нурматова