Ак-Талаа районундагы жалпы билим берүүчү мектептердеги башталгыч класстарынын 181 мугалимине “Алтын казык” программасынын алкагында ноутбуктар тапшырылды. Анда “Санарип кампа” платформасы, окуу программасы, пландар, электрондук китептер ж.б. башкача айткандар мугалимдер жана окуучулар үчүн керектүү окуу материалдары жүктөлгөн.
Район жетекчиси аким мамлекет тарабынан мугалимдер үчүн көрсөтүлүп жаткан колдоорлорду жана өлкө келечегин тарбиялоодо мугалимдердин ролу зор экенин айтты.

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Сыдыков:
“Бул ноутбуктар Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен 12 жылдык билим берүү түзүмүнө этап этабы менен өтүү ишинин жүрүшүндө окутуунун сапатын жогорулатууга жана мугалимдердин ишин жеңилдетүүгө жана билим берүүнү санариптештирүүгө багытталууда” -деп белгиледи.
Эске салсак, 2025-2026-окуу жылынын башында буга чейин STEM предметтери боюнча 197 мугалимге жана 47 англис тили мугалимдерине, жалпы 244 мугалимине берилген.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова