Сокулук районуна караштуу Новое айылындагы Гүльсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде декабрь айынын башында жарыяланган “Чыңгыз Айтматов – улуттун сыймыгы” аттуу үч айлык даназалоо конкурсу 2026-жылдын 9-февралында салтанаттуу жыйынтыкталды.
Бул күн мектеп жамааты, окуучулар жана чакырылган кадырлуу коноктор үчүн унутулгус руханий майрамга айланды.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, залга чогулган коноктор улуу жазуучунун дүйнөсүнө сүңгүп киришти. Сахнадан угулган ар бир сөз, жаңырган ар бир обон, көрсөтүлгөн ар бир көрүнүш Чыңгыз Айтматовдун терең ойлуу, адам тагдырына кайдыгер карабаган чыгаан жазуучу экенин дагы бир ирет далилдеди.
Иш-чаранын негизги катышуучулары — 10-класстын окуучулары жана 2–7-класстын таланттуу жаштары болду. Алар Айтматовдун чыгармаларын музыка жана сахналаштыруу аркылуу жандандырып, көрүүчүлөрдүн жүрөгүнө жол таба алышты. Ар бир образ, ар бир кыймыл улуу калемгердин чыгармаларындагы адамдык баалуулуктарды, тагдыр менен күрөштү, сүйүү менен кайгыны айкын чагылдырып турду.
Айрыкча 10-класстын окуучулары жана класс жетекчиси Аида Карыбековна тарабынан тартылган Айтматовдун чыгармаларынан алынган видеотасма конокторду кайдыгер калтырган жок. Экрандан берилген кадрлар көпчүлүктүн көзүнө жаш айландырып, залда терең ойго салган тынчтык орноду. Бул видео аркылуу Чыңгыз Айтматовдун улуулугу, анын калеминен жаралган каармандардын тагдыры дагы бир ирет жүрөктөрдө жаңырды.
Үч айлык конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, активдүү катышкан окуучулар жана класс жетекчилер дипломдор, ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул сыйлыктар окуучулардын эмгегине, чыгармачылыгына берилген татыктуу баа болду.
Иш-чаранын соңунда келген коноктор жаш таланттарга терең ыраазычылык билдирип, алардын өнөрүнө таазим кылышты. Жылуу сөздөр, ак баталар, келечекке болгон ишеним менен коштолгон алкыштар бул иш-чаранын маанисин дагы да арттырды.
Бул кечe — Чыңгыз Айтматовдун улуу мурасын жаш муундун жүрөгүнө жеткирген, руханий баалуулуктарды даңазалаган, эстен кеткис тарбиялык сабак болду. Улуу жазуучунун чыгармалары жашай берет, ал эми анын руху ар бир окурмандын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Даярдагандар: Нурайым Кубатбекова,Раяна Бейшенбекова