Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан. Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн агайлары менен бирге ат минип жолго чыгышты.

Аба ырайынын катаалдыгына моюн сунбаган окуучулар билимге болгон күчтүү умтулуусун дагы бир ирет далилдеп, олимпиадага ийгиликтүү катышып келишти. Тогуз-Торо районуна караштуу Табылгыты айылындагы Эмилбек Касымалиев атындагы орто мектеби район борборунан 7 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Кар калың жааган шартка карабастан, мектептин окуучулары райондук олимпиадага катышуу үчүн математика жана информатика мугалими Алтынбек Чокморов агайы менен бирге ат минип жолго чыгышты.
Аба ырайынын катаалдыгына моюн сунбаган окуучулар билимге болгон күчтүү умтулуусун дагы бир ирет далилдеп, олимпиадага ийгиликтүү катышып келишти.
Даярдаган: Анара Мааметова