Тогуз-Торо району. Аба ырайынын кескин өзгөрүп, кар жаап жатканына байланыштуу автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү жана тайгактык коркунучу жогорулады. Жарандардын өмүрүн жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын №33-т тескемеси чыгарылып, тиешелүү мекемелерге тапшырмалар берилди.

Маалыматка ылайык, Балыкчы–Казарман–Жалал-Абад автоунаа жолу 2026-жылдын 12-февралынан тартып жол тазалоо иштери аяктаганга чейин убактылуу жабылды.
Райондук администрация жарандарды зарылчылык болбосо алыскы жолго чыкпай турууга, жол эрежелерин так сактоого жана өз коопсуздугуна жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырат.


Даярдаган: Анара Мааметова