Тогуз-Торо районунун А. Сыдыков атындагы маданият үйүндө “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” урааны алдында илимий интеллигенциянын форумунун I этабы жогорку деңгээлде өткөрүлдү

Форумдун негизги максаты – илимий интеллигенциянын потенциалын бириктирүү жана өнүктүрүү, чыгармачыл союздардын жана улуттук маданий өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, ошондой эле мамлекеттик илимий-маданий саясатты ишке ашырууга практикалык сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Асель Жунусалиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Таалайбеков, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Сталмамбет Абдылдаев, №45 кесиптик лицейдин мүдүрү Амангелди Токтоналиев, маданият кызматкерлери, мугалимдер жана китепканачылар катышышты.

Форумдун жүрүшүндө — Иманбек уулу Эрболот Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 12-январындагы №24-34 тапшырмасы боюнча баяндама жасап, улуттук демдин мааниси жана тарыхый-маданий мурасты сактоо тууралуу сөз сүйлөдү.

Гүлмира Эгешова маданият жана искусство тармагындагы актуалдуу маселелерге токтолду.Жумагул Бекчоро кызы жаңы технологиялар менен билим берүүнүн өнүгүүсү тууралуу баяндама жасады.Нуркамал Шайнаева жаштардын улуттук баалуулуктарга болгон мамилеси боюнча доклад окуду.

Катышуучулар активдүү талкууга катышып, ой-пикирлерин ортого салышты.
Иш-чаранын алкагында маданият кызматкерлери жагымдуу ырларды аткарып, “Манас” эпосунан үзүндү жаңырды.

Жыйынтыгында форумдун II этабына 5 делегат шайланып, республикалык деңгээлге 3 сунуш кабыл алынды. Бул сунуштар улуттук маданий саясатты өнүктүрүүгө жана чыгармачыл союздардын ишин колдоого багытталган.
Форум илимий жана маданий потенциалды өнүктүрүүгө багытталган мазмундуу талкуулар менен жыйынтыкталды.
Даярдаган: Анара Мааметова