Суусамыр айылы аймагында калың кар жаап, айыл ичиндеги жолдорду кар басып калды. Маалым болгондой, Суусамыр өрөөнүндө жыл сайын кыш узакка созулат. Быйыл да абанын температурасы мурдагы жылдарга салыштырмалуу төмөн болуп, суук күч алды. 12-февралда жааган кардан улам айыл ичиндеги айрым жолдор жабылып, тургундардын жүрүп-туруу шарттарына кыйынчылык жаратты.

Учурда Суусамыр айыл өкмөтү тарабынан атайын техникалар тартылып, жолдорду тазалоо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Калың кардын жаашы айрыкча мектеп окуучуларына жана эртең менен жөө жумушка чыккан тургундарга ыңгайсыздык жаратууда.
Даярдаган: Айчолпон Бактыбековна