Азыркы санариптештирүү заманында компьютердик технологиялар ар бир мекеме-уюм үчүн аба менен суудай зарыл. Бул муктаждыкты туура түшүнгөн жергиликтүү жетекчилик менен ишкерлер Токтогул райондук көзү азиздер коомуна көмөк көрсөтүү демилгесин көтөрүштү.

Райондук акимдин орун басары Куттубек Аттокуровдун сунушу жана колдоосу менен жеке ишкер Айданбек Таалайбеков аталган коомго уюштуруу техникаларын (оргтехника) сатып алуу үчүн каржылык жардам берди. Бөлүнгөн каражатка коомдун кеңсеси үчүн жаңы компьютер алынмакчы.
Жардамды кабыл алып жатып, Токтогул райондук көзү азиздер коомунун төрагасы Ырыскулбек Өзбеков төмөнкүлөргө токтолду:
«Биздин коом үчүн техникалык жабдылыш абдан маанилүү. Жаңы компьютердин алынышы иш кагаздарын заманбап деңгээлде жүргүзүүгө чоң шарт түзөт. Ишкер инибиз Айданбекке жана ушул ишти уюштурган район жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз», — деди төрага
Белгилей кетсек, мындай кайрымдуулук демилгелери коомдогу тилектештикти бекемдеп, өзгөчө колдоого муктаж жарандардын социалдык абалын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле коомдук уюмдардын материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана алардын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
Даярдаган: Азема Сабырбекова