Токтогул суу сактагычы жай мезгилинде эс алуучулар эң көп келген жайлардын бири. Айрыкча күн ысыган учурда Бишкек, Талас жана өлкөнүн башка аймактарынан келген меймандар бул жерге келип, табият койнунда эс алып, салкын сууга түшүүнү тандашат.

Эс алуучулардын саны көбөйгөн сайын жолдордун абалы да өзгөчө мааниге ээ болууда. Ушуга байланыштуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Урматбек Самаевдин тапшырмасы менен Токтогул шаарынан суу сактагычка алып баруучу жол толугу менен грейдерленип, тегизделди.

Бул иштердин негизги максаты — шаар тургундарынын жана районго келген коноктордун суу сактагычка коопсуз, тоскоолдуксуз жана ыңгайлуу жетүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Жакшыртылган жол саякатчыларга чоң жеңилдик алып келип, жол убактысын кыскартты.
Токтогул суу сактагычынын айланасы акыркы жылдары активдүү өнүгүп, туристтерге кызмат көрсөтүү тармагы жакшы жолго коюла баштады. Жээк бойлоп эс алууну жактыргандар үчүн жергиликтүү ишкерлер тарабынан бир катар ыңгайлуулуктар түзүлдү.
Көл жээгинде үй-бүлөсү же достору менен келип отурууга ылайыктуу атайын тапчандар орнотулуп, коноктордун жайлуу эс алуусу камсыздалды.

Эс алуучулар үчүн сууда коопсуз жүрүүгө жардам берген үйлөмө баллондор арендага берилет. Бул өзгөчө балдар жана сүзүүнү үйрөнүп жаткандар үчүн абдан ыңгайлуу. Көлдүн кооз пейзажын сууга түшүп гана эмес, лодка (кайык) менен кыдырып көрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул туристтерге унутулгус таасир калтырып, кооз сүрөткө түшүүгө шарт түзөт.
Жолдордун грейдерлениши жана инфраструктуранын жакшырышы жол жүрүүнү жеңилдетти. Балык уулоо, кайыкта сүзүү жана жээкте жайбаракат эс алууга да болот.

Токтогул суу сактагычы жайкы эс алууну маңыздуу өткөрүү үчүн эң сонун тандоо болуп эсептелет. Келиңиздер, табиятты аярлап, туулуп-өскөн жерибиздин кооздугунан бирге ырахат алып эс алсак болот.
Даярдаган: Азема Сабырбекова