Токтогул шаарында жергиликтүү тургундардын жана шаар конокторунун эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул иштер шаардын көркүн арттырып, коомдук жайларды заман талабына ылайык жакшыртууга өбөлгө түзүүдө.

Кайрак участкасында орнотулган бүркүт стелласынын айланасы толугу менен жаңыланууда. Бул аймакта аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары төмөнкүлөр болду. Жер аянты техника жардамы менен тегизделип, ыңгайлуу шагыл төшөлдү. Жол жүрүп келе жаткан же сейилдеп жүргөн тургундар жайлуу отуруп эс алышы үчүн атайын отургучтар коюлду. Кечки учурда кооз көрүнүп, коопсуздукту камсыз кылуу максатында түнкү жарыктандыруу чырактары орнотулду
Аталган көрктөндүрүү иштери жергиликтүү бийликтин гана эмес, мекенчил жарандардын да колдоосу менен жүрүп жатат. Тактап айтканда, бул жакшы демилге жеке ишкер Жандарбек Мурсатбековдун демөөрчүлүгү аркылуу ишке ашты.

Бул тууралуу Токтогул Райондук Мамлекеттик Администрациясы расмий маалымат таркатып, туулуп-өскөн жерин өнүктүрүүгө жана эстеликтердин айланасын көрктөндүрүүгө салым кошкон меценат ишкерге терең ыраазычылык билдирди.
Жаңылануу иштери жергиликтүү коомчулуктун жылуу кабыл алуусуна ээ болду. Шаар тургундары бул жай келечекте ыңгайлуу эс алуу зонасына айланарын белгилеп, эң негизгиси жарандар тарабынан тазалык сакталып, орнотулган мүлктөргө аяр мамиле жасалышы керектигин баса белгилеп жатышат. Токтогул шаарындагы мындай жакшы башталмалар аймактын көркүн ачып, келген конокторго дагы жакшы таасир калтырары талашсыз.
Даярдаган: Азема Сабырбекова