Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинде 1-класстардын “Кош алиппе” аталышындагы салтанаттуу иш-чарасы жогорку деңгээлде өттү. Бул майрам кичинекей окуучулардын билим жолундагы алгачкы маанилүү баскычын жыйынтыктаган, кубанычка, сыймыкка жана үмүткө толгон өзгөчө күн болду. Салтанаттын көркүн ачкан негизги конок —актёр, ырчы жана юморист Самат Эркинбеков болду. Ал өзүнүн автордук чыгармаларын аткарып, балдардын көңүлүн көтөрүп гана тим болбостон, аларды кошо бийлетип, залды шаңга бөлөдү. Анын сахнадагы жандуу энергиясы кичинекей көрүүчүлөрдү дароо өзүнө тартып, майрамды унутулгус көз ирмемдерге айлантты.

Окуучулар майрамдын жүрүшүндө ырдап, бийлеп, ар бир көз ирмемден ырахат алышты. Алардын жаркыраган жүздөрү жана чын дилден чыккан күлкүсү иш-чаранын өзгөчө көркүн ачты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Самат Эркинбеков окуучулар менен жылуу баарлашып, турмуштук тажрыйбасынан бөлүштү. Ошондой эле ар бир бала менен сүрөткө түшүп, алардын кыялдарына дем берип, келечекке болгон ишенимин арттырды. Конок мектеп жамаатына ыраазычылык билдирип, мындан ары да жолугушуулар болорун белгиледи.

Мектептин директору Айдай Джолчубекова мындай иш-чаралардын маанисине токтолуп, алар балдардын келечекке болгон максаттарына дем берип, шыктандырарын айтты. Ал ошондой эле мектепте мындан ары да белгилүү инсандар менен жолугушуулар уюштурулуп турарын кошумчалады.
Ал эми химия жана биология мугалими Клара Эшимбекова мындай иш-чаралар окуучулар үчүн дайыма өзгөчө маанай тартуулап келерин белгилеп, уюштуруучуларга жана конокко ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө 9-“Б” классынын окуучусу Байдөөлөт Кеңешбеков Самат Эркинбековдун ырын жандуу аткарып, өзгөчө колдоого ээ болду. Ал бул мүмкүнчүлүк өзүнө чоң сыймык болгонун айтып, сахнада толкундануу болгонуна карабастан, ырчынын колдоосу ага дем бергенин белгиледи.
Бул салтанат окуучулар үчүн гана эмес, ата-энелер жана мугалимдер үчүн да жүрөктө сакталчу жаркын эскерүү болуп калды. “Кош алиппе” майрамы билимге болгон алгачкы кадамдын символу катары ар бир баланын эсинде узакка сакталары шексиз.
Даярдаган: Аида Карыбековна
Раяна Бейшенбекова