Бишкектеги көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатты Воронцовка айылына көчүрүү маселеси ата-энелердин нааразычылыгын жаратууда. 7-ноябрда Кант шаарында президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда окуучулардын ата-энелеринин өкүлү мектепти азыркы ордунда калтырууну өтүндү. Мамлекет башчысы жаңы мектеп курулганга чейин балдар окуусун азыркы имаратта улантарын билдирди.
Каухар аттуу аял президентке мектепте окуган балдардын ата-энелеринин атынан кайрылды. Анын айтымында, Бишкектеги атайын мектеп-интернатта Кыргызстандын жети облусунан келген 240 бала билим алат. Алардын арасында өзүнүн кызы да бар.
Каухардын билдиришинче, мектепти көчүрүү маселеси былтыртан бери көтөрүлүп келет. Бул боюнча бир нече жолу жазуу жүзүндө кайрылганы менен, так жооп ала алган эмес. Ата-энелердин негизги талабы — мектепти Бишкектеги азыркы жайгашкан жеринде сактап калуу. Жолугушууда мамлекеттик органдардын өкүлдөрү имараттардын эскиргенин жана окуучулар үчүн зарыл шарттар жетишсиз экенин айтып, жаңы мектеп комплексин куруу планын түшүндүрүштү.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева азыркы мектептин имараттары 1939-жылдан бери пайдаланылып келе жатканын жана капиталдык оңдоого жараксыз абалга жеткенин билдирди.
Анын айтымында, жатаканада бир бөлмөдө 14кө чейин бала жашайт. Ушуга байланыштуу министрлик заманбап билим берүү жана реабилитациялык шарттары бар жаңы комплекс курууну сунуштап жатат. Бул максатта Воронцовка айылынын жанынан жер бөлүнгөн. Жаңы комплексте көрүүсү начар балдар үчүн сенсордук жана тактилдик шарттар, реабилитациялык кызматтар, жатакана жана мугалимдер үчүн турак жай каралары айтылды.Бирок ата-энелердин каршылыгынан улам көчүрүү маселеси азырынча чечиле элек. Министр ата-энелердин бир бөлүгү мектептин көчүрүлүшүнө каршы болуп жатканын да белгиледи.
Курулуш министри: азыркы имараттар авариялык абалга жакындаган
Курулуш министри Нурдан Орунтаев мектеп Бишкектеги Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашканын билдирди. Анын айтымында, мектептин азыркы жер тилкеси бир гектарга да жетпейт. Эки окуу корпусу тең эскирип, авариялык абалга жакындаган. Ошондой эле спорт зал жана башка зарыл инфраструктура жетишсиз. Орунтаев жаңы мектеп куруу үчүн Воронцовка айылынан жер бөлүү маселеси каралганын түшүндүрдү. Анын маалыматына ылайык, азыркы мектеп жайгашкан жерди инвестициялык долбоорго пайдалануу жана андан түшкөн каражаттын эсебинен жаңы мектеп куруу сунушталган.
Бишкектен барган окуучулар үчүн автобус уюштуруу сунушталды
Догдуркүл Кендирбаева мектеп республикалык деңгээлдеги мекеме экенин жана анда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген балдар окуй турганын белгиледи. Анын айтымында, Бишкек шаарынан келген окуучулардын саны 45ке жакын.
Министрлик бул балдар үчүн транспорт уюштуруу же шаар ичинде инклюзивдик билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү варианттарын да карап жатканын билдирди. Ошол эле учурда ата-энелердин бир бөлүгү балдарын Воронцовкага жөнөтүүгө каршы экенин айтышты. Жолугушууда жаңы мектеп курулганга чейин окуучуларды убактылуу башка жакка көчүрүү зарылдыгы да талкууланды. Министрлер учурдагы имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн балдарды башка жайга чыгарууга туура келерин түшүндүрүштү.
Садыр Жапаров дээрлик бир кылым мурда курулган имараттарды капиталдык оңдоодон өткөрүү натыйжалуу чечим болбой турганын белгиледи:
«Биз ал жүз жыл болгон имаратты ремонт кыла албайбыз. Ремонт кылгандан кийин дагы беш жылга жетип-жетпей урайт. Дагы ошончо акчаны кантип салабыз?» — деди президент.
Мамлекет башчысы жаңы мектептин курулушун тездетүүнү жана ал бүткөнгө чейин окуучулардын азыркы имаратта билим алуусун улантууну сунуштады.
«Булар азырынча окуп турсун. Тездеткиле муну. Воронцовкага салып, анан ошол жакка көчүргөндөй бололу», — деди Садыр Жапаров.
Ошентип, жолугушууда мектепти дароо көчүрүү эмес, адегенде жаңы имаратты куруп бүтүрүү сунушталды.

Мектептин келечеги боюнча суроолор ачык бойдон калууда
Жолугушууда мектептин имараттарынын техникалык абалы, жаңы комплекстин мүмкүнчүлүктөрү жана курулушту каржылоо жолдору талкууланды. Ошол эле учурда ата-энелердин негизги талабы мектепти Бишкектеги азыркы ордунда сактап калуу — өзгөрүүсүз калды.
Көзү азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн мектептин жайгашкан жери өзгөчө мааниге ээ. Транспорттун жеткиликтүүлүгү, коопсуз жүрүү шарттары, адистештирилген кызматтар, реабилитация жана үй-бүлө менен байланыш мүмкүнчүлүктөрү алардын билим алуусуна түздөн-түз таасир этет. Жаңы комплексти куруу жана окуучуларды көчүрүү боюнча чечим кабыл алууда балдардын, ата-энелердин жана мугалимдердин пикирин эске алуу, ошондой эле жаңы жайдагы билим берүү жана жеткиликтүүлүк шарттарын алдын ала баалоо маанилүү.
Азырынча жаңы мектептин курулушу качан башталып, качан аяктары жана ата-энелердин сунуштары кандай эске алынары так айтыла элек.
Даярдаган: Венера Шонкоева