7-ноябрда Кант шаарында президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда прокуратура органдарынын мурдагы кызматкери Диляра Мамбетова өзүнө карата козголгон кылмыш ишинин мыйзамдуулугун текшерүүнү өтүндү. Мамлекет башчысы анын кайрылуусун жеке өзү карап чыгарын билдирди.

Диляра Мамбетованын айтымында, ал 1998-жылдан 2017-жылга чейин прокуратура органдарында эмгектенип, коомчулукта чоң резонанс жараткан бир катар кылмыш иштеринде мамлекеттик айыптоону колдогон.
Анын билдиришинче, 2025-жылдын ноябрында өзүнө карата кылмыш иши козголуп, бир нече ай тергөө абагында кармалган. Ал камакта жаткан учурда тергөө аракеттери жетиштүү жүргүзүлбөгөнүн жана камак мөөнөтүн узартуу боюнча чечимдердин негиздүүлүгү талаптагыдай текшерилбегенин айтты.
«Мен бул ишке катышкан эмесмин. Катышпаганымды тастыктаган далилдерди көрсөтүп жатсам да, бир да тергөө аракетин жүргүзүшкөн жок, мени угушкан жок», — деди Мамбетова.
Мурдагы прокурордун айтымында, кылмыш иши 2016-жылы шаардык сотто каралган Кумарбек Абдыровго байланыштуу соттук процесстен улам козголгон. Анын маалыматы боюнча, бул иштин алкагында үч судья, прокурор жана адвокат жоопкерчиликке тартылган.
Мамбетова аталган соттук процесске катышпаганын, бирок документтердеги техникалык катадан улам анын аты ишке байланыштырылып калганын белгиледи. Ал бул жагдайды далилдөөгө аракет кылганын, бирок жүйөлөрү эске алынбаганын билдирди.
Ошондой эле анын айтымында, алгач өзүнө үч берене боюнча айып коюлуп, кийин айыптоонун укуктук квалификациясы өзгөртүлгөн. Ишти кылмыш жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу токтотуу маселеси да каралган. Бирок Мамбетова өзүнүн күнөөсүздүгүн аныктаган толук жана мыйзамдуу чечим чыгарууну талап кылууда.
Ал жолугушууда үй-бүлөлүк жагдайын да айтып, эки баласы бар экенин жана ден соолугунун абалы оор, II топтогу майыптыгы бар дагы бир баланын камкорчусу экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров кайрылуунун чоо-жайын сурап, анын коомчулукта мурда талкууланган оор кылмыш ишине байланыштуу экенин белгиледи.
Жолугушууда мамлекет башчысы Мамбетованын аталган соттук процесске катышкан-катышпаганын тактап, анын жүйөлөрүн өзүнчө текшерүү зарылдыгын айтты.
«Диляра, муну мен өзүм карап, териштирейин. Такташалы», — деди Садыр Жапаров.
Мамбетова бул маселе боюнча президентке буга чейин да кайрылганын, бул анын бешинчи кайрылуусу экенин билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө мурдагы прокурорго коюлган айыптардын негиздүүлүгү боюнча акыркы укуктук баа берилген жок. Президент анын кайрылуусунда айтылган жагдайларды кошумча териштирүүгө убада берди.
Эскертүү: Макалада Диляра Мамбетованын кылмыш ишине байланыштуу билдирүүлөрү анын жеке жүйөлөрү катары берилди. Анын күнөөсүздүгү же тергөө органдары тарабынан мыйзам бузулгандыгы тууралуу соттук тыянак жолугушууда жарыяланган жок.
Даярдаган: Венера Шонкоева