7-ноябрда Кант шаарында президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушууда Боз-Бармак жана Жар-Баш айылдарынын тургундары көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жер тилкелерин мыйзамдаштыруу маселесин көтөрүштү.
Эки айылдын тургундарынын атынан сүйлөгөн Гүлүмкан Шаршенованын айтымында, 2005–2008-жылдары Боз-Бармак менен Жар-Баш айылдарынын ортосундагы айдоо жерлер турак жай куруу үчүн жергиликтүү тургундарга бөлүнүп берилген. Бирок ошол мезгилде айыл өкмөтүнүн жетекчилиги жана жер адистери алмашып, жарандар жер тилкелерине тиешелүү документтерди толук тариздей албай калышкан.
Анын билдиришинче, жер тилкелерин алган тургундар көп жылдан бери жер салыгын төлөп келишет. Бирок жерлер мамлекеттик каттоодон өтпөгөндүктөн, менчик укугун расмий каттоо маселеси чечилбей турат.
Жолугушууда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жер тилкелерин бөлүштүрүүдө мыйзамдык талаптар сакталбаганын түшүндүрүштү. Алардын маалыматына караганда, айрым тилкелерге үйлөр курулуп, жер мунапысынын алкагында мыйзамдаштырылган. Ал эми курулуш жүргүзүлө элек жерлердин маселесин өзүнчө тартипте чечүү зарыл.
Ошондой эле жер тилкелеринин шахмат тартибинде бөлүштүрүлүшү аймакты комплекстүү пландаштырууга жана көп кабаттуу үйлөрдү курууга тоскоолдук жаратышы мүмкүн экени белгиленди.
Президент Садыр Жапаров тиешелүү комиссияга ар бир жагдайды өзүнчө карап чыгууну тапшырды.
Садыр Жапаров тиешелүү комиссияга ар бир жер тилкесинин жагдайын өзүнчө карап чыгууну тапшырды.
Мамлекет башчысы жерлердин жайгашуусун жана учурдагы абалын эске алуу менен мыйзамдуу чечим табуу зарылдыгын белгиледи.
Райондо ипотекалык турак жай куруу маселеси да талкууланды
Жолугушууда мамлекеттик ипотекалык турак жай курулушу боюнча да маалымат берилди.
Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, Мамлекеттик ипотекалык компанияга жалпы 150 гектардан ашык жер сунушталган. Ал эми турак жайга муктаж жарандардын кезегинде 13 671 адам катталган.
Ошол эле учурда тизмени тактоо учурунда буга чейин турак жай алган жана башка себептерден улам кезектен чыгарылууга тийиш болгон жарандар аныкталышы мүмкүн экени айтылды.
Садыр Жапаров мындан ары жарандарды турак жай менен камсыздоодо жер тилкелерин жеке-жеке бөлүп берүүгө караганда, Мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте көп батирлүү үйлөрдү курууга басым жасоо керектигин белгиледи.
Боз-Бармак жана Жар-Баш айылдарындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча акыркы чечим азырынча кабыл алына элек. Маселе тиешелүү комиссия тарабынан кошумча каралмакчы.
Даярдаган: Венера Шонкоева