Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …
Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.
Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …
Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз. БШКнын …
9-майда Улуу Жеңишке 76 жыл толот. Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери Жаңы-Талап айылынын тургуну, 96 жаштагы Асыл Бердикеева апага жолугуп, майрамдык белектерин беришти.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Чоң-Кара-Суу чөлкөмүндөгү мал суу ичүүчү жай оңдолду.
Баетов айыл аймагында жазгы айдап себүү иштери башталды. Аймакта жалпы 1409 гектар жер бар болсо, быйыл дээрлик 400 гектар жерди айдоо пландалууда. Дан азыктарынын кымбатташын алдын алуу максатында айылда өндүрүмдүүлүгү …
Баетов айыл аймагында төрт ветеринардык жеке менчик сервис иш алып барат. Мамлекет тарабынан чечек, чума өңдүү жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн бөлүнгөн вакциналар менен малдар толук эмделди. Ал эми ири …
Ак-Талаа райондук жарандык коргонуу штабынын отуруму өтүп, тиешелүү кызматтарга санитардык эрежелерди сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча бир катар көрсөтмөлөр берилди.
2021-жылдын 11-апрелинде Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Эмгек акы төлөнбөсө дагы 274 талапкер мандат алууга кызыкдар болгон. Эмне үчүн? Бул суроого Баетов айылындагы “Жаштар курулуш” …
Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы Калпа-Атанын алма багын калыбына келтирүү максатында 5 түрлүү алманын 450 көчөтү отургузулду.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Тынчтык Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, бөдөнө, жапайы кыргоол, жумуртка жана эт багытындагы тоокторду өстүрүүдө.
Ак-Талаа районунда «Билим кербени» долбоорунун алкагында сынактын экинчи туру өткөрүлдү. Сынак Мамбетасан Ибраевдин “Биз эмнеге муктажбыз” аттуу китебинин негизинде уюштурулуп, ага китеп сүйүүчү окуучулар катышты.
Бүгүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Ачык эшиктер күнү” өттү.
Урматтуу Ак-Талаа районунун тургундары токойлордо жүргөндө өрт коопсуздук эрежелерин сактайлы. Жаратылыш байлыктарын, экологиялык тазалыкты сактоо үчүн өрттүн алдын алуубуз керек. Учурда жаз мезгилинде эс алуулар башталганлыктан токойлордо жагылган отту, тамекинин …
Ак-Талаа районунда 1-класстан тарта 4-класска чейинки окуучуларды витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жана мектептердин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатында өткөн жылдан бери 12 орто мектепке жалпы 14 360 түп алма, 275 түп …
Бүгүн Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү жүрүп жатат. Район боюнча 264 жаран талапкерлигин койгон.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде шабдаалы жана алма бактын “Ред делишес” “Старкримсон” сортундагы көчөттөрү отургузулду. Көчөтүн отургузууну мектептин ардагер мугалимдери жакшы тилек, бата менен баштап беришти.
Бүгүн Ак-Талаа районундагы Н.Кулназаров атындагы маалыматтык китепкана тармагында «Алдыда жолдор калды басылбаган» аттуу эскерүү кече болуп өттү. Аталган иш чарага 7-апрелде курман болгон Адилет Карасартовдун ата-энеси, китепкана жана маданият үйүнүн …