Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Тынчтык Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, бөдөнө, жапайы кыргоол, жумуртка жана эт багытындагы тоокторду өстүрүүдө.

Тынчтык Турдугулов Ак-Талаа райондук электр тармагы ишканасынын жетекчиси

Тынчтык багып жаткан бөдөнөлөр

Колдо багылып жаткан жапайы кыргоол
Эртең менен бийлеген төө куштар
— Өзүбүз мал багабыз. Анан канаттууларды аралаштырсакпы деген ой менен интернеттен төө куштарды карап чыктым. Ош жергесинде төө кушту көп багышат экен. Ал жактагылар менен сүйлөшүп, 2 айлык 2 төө куш сатып алып келгениме 1 айдан өтүп калды. 3 айлык балапандары бар. Негизгиси мунун эти кант диабетине жана башка көптөгөн ооруларга дары экен. Бир жашка чыккандан тарта бир жылда 70-80 жумуртка тууйт дешти. Биздин климаттык шартта 40-50 жумуртка тууп берсе деле жакшы. Жумурткасын инкубаторго салып көбөйтсө болчудай. Жапайы төө куштар жумурткасын басып балапан чыгарат экен. Булар баспайт дейт.

Төө куштар
Арпа, буудай, жүгөрү, беде жана эспарцетти майдалап, 3 маал берип жатам. Бир маал суу берем. Булар абдан топуктуу болушат экен. Көлөмү чоң болгону менен бир тоё жеп алып, жүрө беришет. Түштө бир маал экөө биригип, 8 литрдей суу ичет. Сөйкө, топчу сыяктуу жылтырак буюмдарды чокуйт экен. Эртең менен кепеден чыгарганда канаттарын көтөрүп бийлейт. Азыр балапан болгондуктан кыял-жоруктарын деле байкай элекпиз. Бирок, чочун адамдардан качат. Кудай буюрса, жумурткаларынан инкубаторго салып көбөйтүп, элге арзан баада сатып, жайылтсак деген максатым бар.

Үч түрлүү 130 бөдөнө багууда үй шартында багууда
— Учурда 130 бөдөнө багып жатабыз. Эми бул бөдөнөнүн жумурткасы көп ооруга дары экен. Өзүм ден соолугума байланыштуу жумурткасын чийки ичип жатам. Кичинекей болгону менен витаминдүү болуп, балдардын аң-сезиминин, тулку-боюнун өсүшүнө жана башка бир топ пайдасы бар болгондуктан балдарга бышырып берип жатабыз.

Бөдөнөнүн жумурткасы

Бөдөнүн үч түрү багылууда
Буларга атайын Бишкектен жемин 34-35 сомдон алып келип, ага арпа, буудай аралаштырып берип жатам. Бөдөнө сууну көп ичишет экен. Суудан кем кылбаш керек. Суу калбай калса эле чурулдап, бири-бирин чокуп башташат. Ошондой эле эртең менен булар дагы, айрыкча эркектери чурулдап жиберишет.

Бөдөнөлөр сууну абдан жакшы ичишет

Жапайы кыргоолду колго бакса болот
— Кыргоолдон экини алып келгем. Бостеги (ургаачысы) өлүп калды. Жумурткасына буйрутма бергем. Кудай буюрса келип калса, инкубаторго салып чыгарып алабыз. Колго бакса болот экен. Убагында жем, суусун берип коюп жатам.

Жапайы кыргоол
Жумуртка жана эт багытындагы тооктор
— Жумуртка багытындагы тооктордун 100 жөжөсүн, эт багытындагы тооктордун 50 жөжөсү бар. Учурда жумуртка деле кымбат болуп жатпайбы. Көбөйтүп көрөлү деген максатта багып жатабыз. Жакшы баксаң, 4 айдан кийин тууй баштайт экен. Мындан тышкары, павлин, кекиликтин жумурткаларына буйрутма берип койдум. Учурда каздын жумурткалары инкубатордо салынып турат.

Жумуртка багытында багылып жаткан жөжөлөр

Жумуштан келип канаттуулар менен алаксып жатабыз. Бир чети эс алат дагы экенсиң. Анын үстүнө балдарды да канаттуу багууга акырындап үйрөтүп, көндүрүп жатам.
Ишти илгерилеткен инкубатор
— Бул колго жасалган инкубаторду сатып атып алгам. Тоок, үндүк, каз, бөдөнөнүн жумурткаларын салып, балапан чыгарсаң болот. Учурда каздын жумурткалары бар. Бөдөнөнүн жумурткасынан балапан 17 күндө, тооктукунан 20 күндө чыкты. Каздыкынан 40 күндө чыгат деп жатышат. Көрөбүз. Ал эми төө куштукун чыгара албайт. Аны атайын инкубатордон чыгарыш керек экен.

Инкубатордогу каздын жумурткасы
Келечекте канаттуулардын түрүн өстүрүп, көбөйтүп алсак, бакчама канаттуулардын зоопаркын уюштурсамбы деп максат кылып жатам. Окуучуларга, кичинекей балдарга жакшы болсо керек. Бул эми келечектеги иш.
Барчын Мамытбекова