1-март Орто Азия өлкөлөрүндө жаздын биринчи күнү катары эсептелинет. Бирок дүйнөдө бул күнү башка майрамдар дагы белгиленет.
Ак-Талаа районунда Аялдардын Эл аралык майрамына карата мугалимдер арасында волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү.
Кечээтен бери өлкө боюнча окуучулар арасында республикалык олимпиаданын экинчи баскычы өтүп жаткан. Окуучулар 10 предмет боюнча күчтөрүн сынашып, электрондук дарек аркылуу келген тапшырмаларды аткарышкан. Кечээ жазуу иштери болсо, бүгүн оозеки …
Быйыл өтүп жаткан республикалык олимпиаданын экинчи баскычынын мурдагы олимпиадалардын айырмачылыгы-жүрүшүн көз карандысыз коомдук байкоочулар көзөмөл кылышууда.
Ак-Талаа районунда бүгүн мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын экинчи туру башталып, 10 предмет боюнча 356 окуучу катышууда.
Ак-Талаа районунда Аялдар кеңеши тарабынан 23-февраль Мекенди коргоочулардын күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду. Ага мекемелерде иштеген кызматкерлер, жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чаралардын жумалыгы жыйынтыкталды. Жумалыктын алкагында эне тилди даңазалаган ырлар окулуп, линейкалар, “Акыл ордо” интеллектуалдык оюну жана “Сармерден” …
Кыргыз эли илгертен эле сөзгө маани берип, сөз берметин терип, макалдатып сүйлөгөн калк. Макал билбеген кыргыз тукуму жок. Бүгүн эл арасында айтылып келген макалдардан тест сунуштайбыз.
Асель Жеңишбекова Акталаадагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 10-классында окуйт. Сүрөттү мыкты тартат. Аселдин айтымында сүрөттү бала бакчага барган кичине чагынан эле тартат.
Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата “Зарница” аскердик мелдеши болуп, анда “Намыс” жана “Скорпион” командалары күч сынашты. Мелдеште командалар жобого ылайык тапшырмаларды аткарышты.
Советтик Армиянын Афганистандан чыгарылгандыгынын 32 жылдыгына карата иш-чара болуп, ага афган согушунун ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында эки айдан бери чыгарылбай турган таштандыларды “Арууке-Центр” чакан ишканасы колго алып, көчөлөрдү кыдырып жыйнап чыгарууда.
Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган “Таза аймак” муниципиалдык ишканасы банкрот болгондугуна байланыштуу, жеке тараптарга өткөрүлүп берилди. Айыл өкмөт башчысынын орун басары Аман Аалиевдин айтканына караганда айыл жашоочулары таштанды …
Ак-Талаа районундагы Баетов айылында таштанды маселеси маанилүү маселе. Айрыкча таштанды көп төгүлгөн жайлардын айланасы тосулбай, айланасындагы турак үйлөргө жакындап келүүдө.
Баетов айылынын 61 жаштагы тургуну Калбүбү Моңолбаевага кайрымдуу жарандар жардам беришти.
Ак-Талаа районунда 2020-жылдагы аткарылган иштер боюнча жыл жыйынтыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Жыйында жылдын мыкты мекемеси, айыл өкмөтү, бала бакча, мектеп аныкталды. Жыйынга мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, айыл тургундары …
Ак-Талаа районундагы маданият үйүндө “Нота” фестивалынын тушоо кесүү мааракесинин алкагында жаш таланттар санагы өттү. Сынакка аймактардагы 30 га жакын таланттуу өнөрпоздор катышты. Өнөрпоздордун жаш курагы 25ке чейин болуп, жанр тандоосуна …
“Санарип аймак” долбоорунун алкагында Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмү жарандардын аты-жөнүн санариптештирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондун аймагындагы айыл өкмөттөргө бул боюнча маалыматтар берилип, паспорт алуу үчүн жарандар алгач аталган …
1-февраль Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү. Бул дата 2014-жылдан бери белгиленип келет. Жоолк күнү деп белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө …
КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык эгерде жаран фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кааласа бул иш аракет тууралуу мурда жүргүзүлгөн жарандык абал актыларындагы жазууларга өзгөртүү киргизилет. Ал …