КРнын “Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесине ылайык эгерде жаран фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү кааласа бул иш аракет тууралуу мурда жүргүзүлгөн жарандык абал актыларындагы жазууларга өзгөртүү киргизилет. Ал эми жаранга аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк гана берилет. Кайра туулгандыгы тууралуу жаңы күбөлүк берилбейт.

Ошондой эле өзгөрүү кирген жаңы мыйзамда аты-жөнүңдүн баарын дароо өзгөртүүгө болбойт. Жогорудагы мыйзамдын 30-беренесинин 4-пунктунда белгиленгендей бир жаран бир жылда бир гана позицияга укуктуу. Тактап айтканда, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалаган жаран биринчи жылын фамилиясын, кийинки жылы атын, үчүнчү жылы гана атасынын атын өзгөртө алат.

Болот Акуналиев Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнун башчысы
Ак-Талаа райондук жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн башчысы Болот Акуналиев мыйзамдагы бул өзгөртүүлөр сыртта жургөн мигранттар үчүн кыйынырак. Анткени алар “кара тизмеге” кирип калган учурда аты-жөнүн өзгөртүп, документ алмаштырып, кайра эле кете беришчү. Азыр эми андай болбойт. Ошондой эле уулу же кызы деген күбөлүктү алмаштыруу керек болсо, биз аны каалагандай өзгөртүп базага киргизебиз. Бирок аларга жаңы күбөлүк эмес, аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк гана беребиз. А эгерде туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоголуп кетсе, анда аты-жөнү өзгөргөн боюнча базадагы маалыматка ылайык жаңы күбөлүк берилет”,- дейт.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүк эмне үчүн керек?
Барчын Мамытбекова