Жанылыктар, кызыктуу видео, фотолорду бизге жөнөтүңүз WhatsApp 0555402155

Метка: Баетов

Жергиликтүү кеңеш ишин ачык-айкын алып барат

Баетов айылдык кеңешинин жаңы шайланган депутаттары уюштуруу иштери боюнча өткөн биринчи сессиясында күн тартибиндеги маселелер менен бирге ички тартипти сактоо жана депутаттык ишмердүүлүктү ачык-айкын жүргүзүү боюнча чечим кабыл алышкан.

Дыйкандар сугат суусу менен камсыз болот

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл өкмөтүндө «Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоору аркылуу 27 млн сомго сугат суу каналы курулуп жатат. Тактап айтканда, 3 чакырым Туура-Канал, 1 чакырым 600 метр …

Бүтүрүүчүлөргө арналган салтанаттар аралыктан өтөт

Ак-Талаа районунда быйылкы 2020-2021-окуу жылында 11-классты 453, ал эми 9-классты 623 бүтүрүүчү аяктап жатат. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу  бүтүрүүчүлөргө арналган салтанат жана экзамендер болбойт. Ар бир мектептеги экзамендик комиссия жылдык баага …

Соттук кандай отурум болбосун чечим чыгаруу оор…

Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрү кесип тандоого арналган ачык эшиктер күнүндө Азат Доулбеков жетектеген Сот мекемесинде болушту.

Айыл эли вакцина тууралуу ар түрдүү пикирде

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстанга кайтарымсыз негизде, гуманитардык жардам иретинде Кытай Эл Республикасынан коронавируска каршы вакцинанын 150 миң дозасы келген. Учурда өлкөдө вакцина алуу процедурасы жүрүүдө.

Кары-картаңдардын абалынан ар дайым кабар алабыз…

Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында турмуштук оор кырдаалга кабылган, жардамга муктаж карылар жана майыптыгы боюнча ар кандай категориядагы 24 жаран бар. Булар менен айыл аймактын эки жана райондук эмгек жана …

Жумуш берүүчү депутатты кеңештин сессиясына жиберүүгө милдеттүү

Кыргыз Республикасында жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн ыйгарым укуктарына жашыруун добуш берүү аркылуу шайлануусунун натыйжасында ээ болот. Депутат кеңеште кандай укуктарга ээ? «Ачык өкмөт» уктуруусунда бул суроого жооп ала аласыз. БШКнын …

Согуш жана тылдын ардагерлери ар дайым урмат жана сыйга татыктуу…

9-майда Улуу Жеңишке 76 жыл толот.  Мына ушул күнгө байланыштуу Ак-Талаа райондук сотунун кызматкерлери  Жаңы-Талап айылынын  тургуну, 96 жаштагы Асыл Бердикеева апага жолугуп, майрамдык белектерин беришти.

Жергиликтүү тургундар мал суу ичүүчү жайды оңдоодон өткөрүштү

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Чоң-Кара-Суу чөлкөмүндөгү мал суу ичүүчү жай оңдолду.

Тектүү үрөндү жайылтуу максатыбыз бар

Баетов айыл аймагында жазгы айдап себүү иштери башталды. Аймакта жалпы 1409 гектар жер бар болсо, быйыл дээрлик 400 гектар жерди айдоо пландалууда. Дан азыктарынын кымбатташын алдын алуу максатында айылда өндүрүмдүүлүгү …

Малды убагында эмдөөдөн өткөрүү маанилүү

Баетов айыл аймагында төрт ветеринардык жеке менчик сервис иш алып барат. Мамлекет тарабынан чечек, чума өңдүү жугуштуу ооруларды алдын алуу үчүн бөлүнгөн  вакциналар менен малдар толук эмделди. Ал эми ири …

Акталаада кырдаалга байланыштуу санитардык-коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Ак-Талаа райондук жарандык коргонуу штабынын отуруму өтүп, тиешелүү кызматтарга санитардык эрежелерди сактап, күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу боюнча бир катар көрсөтмөлөр берилди.

Аудио: Эмне үчүн жергиликтүү кеңештин депутатына эмгек акы төлөнбөйт?

2021-жылдын 11-апрелинде Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Эмгек акы төлөнбөсө дагы 274 талапкер мандат алууга кызыкдар болгон. Эмне үчүн? Бул суроого Баетов айылындагы “Жаштар курулуш” …

Акталаанын Жерге-Тал айылына алма бактын көчөттөрү отургузулду

Ак-Талаа районуна караштуу Чолок-Кайың айылындагы Калпа-Атанын алма багын калыбына келтирүү максатында  5 түрлүү алманын 450 көчөтү отургузулду.

Акталаада багылып жаткан төө куш, бөдөнө жана кыргоол…

Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Тынчтык Турдукулов канаттуулар чарбасын жайылтуу максатында төө куш, бөдөнө, жапайы кыргоол, жумуртка жана эт багытындагы тоокторду өстүрүүдө.

Китеп окуу маданиятын өнүктүрүү керек

Ак-Талаа районунда «Билим кербени» долбоорунун алкагында сынактын экинчи туру өткөрүлдү. Сынак Мамбетасан Ибраевдин “Биз эмнеге муктажбыз” аттуу китебинин негизинде уюштурулуп, ага китеп сүйүүчү окуучулар катышты.

Өрт өчүрүүчү шаймандарды колдоно билүү маанилүү

Бүгүн Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө “Ачык эшиктер күнү” өттү.

101 Билдирет! Өрткө каршы туралы…

Урматтуу Ак-Талаа районунун тургундары токойлордо жүргөндө өрт коопсуздук  эрежелерин сактайлы. Жаратылыш байлыктарын, экологиялык тазалыкты сактоо үчүн өрттүн алдын алуубуз керек. Учурда жаз мезгилинде эс алуулар башталганлыктан токойлордо жагылган отту, тамекинин …

Акталаадагы мектептерге жемиш бактары отургузулду

Ак-Талаа районунда 1-класстан тарта 4-класска чейинки окуучуларды витаминдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жана мектептердин айланасын көрктөндүрүү-жашылдандыруу максатында өткөн жылдан бери 12 орто мектепке жалпы 14 360 түп алма, 275 түп …

Жергиликтүү кеңешке тажрыйбалуу жарандар келсе…

Бүгүн Ак-Талаа районундагы 12 айыл өкмөттө жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоо жана Баш мыйзамдын жаңы долбоору үчүн референдумга добуш берүү  жүрүп жатат. Район боюнча 264 жаран талапкерлигин койгон.

Сурамжылоо

Биздин сайттан кайсы темадагы макаланы окугуңуз келет?

Сурамжылоонун жыйынтыгы

Загрузка ... Загрузка ...